facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза кызматтарын көрсөтүү жаатында КР ИИМ тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза кызматтарын көрсөтүү жаатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө” токтомунун 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берилүүчү айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана анын аймактык бөлүктөрү тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын төмөндөгү стандарттары бекитилсин:

1) “Сатылуучу кызматтык жана жарандык сайлуу, ошондой эле чектелген кыйратуучу ок атуучу куралдан атылган окторду жана гильзаларды ок-гильзотекасына каттоо үчүн куралдан алгачкы атуу” 1-тиркемеге ылайык;         

2) “Юридикалык жана жеке жактардын эсебинде болгон кызматтык жана жарандык сайлуу, ошондой эле чектелген кыйратуучу ок атуучу куралдардан контролдук атуу” 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматы:

1) ушул буйруктун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын   26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык “Эркин-Тоо” гезитине же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий веб-сайтына же расмий жарыялануусун камсыз кылсын;

2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөлөрүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;

3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч иш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн;

4) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн боюнча иштерди жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына ылайык уюштурсун;

5) көрсөтүлгөн кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча мындан аркы чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.

4. Ушул буйруктун талаптарын жеткиликтүү аткаруу жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын ИИМдин Эксперттик-криминалистикалык кызматынын башчысы милициянын полковниги А.В. Ивановго жүктөлсүн.

5. Ушул буйруктун талаптарынын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Э.Дж. Аширходжаевге жүктөлсүн.

6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

7. Буйрук тиешелүүлүгү боюнча жарыялансын.

Министр

милициянын генерал-лейтенанты                                                  У.О. Ниязбеков

Бишкек ш., 2024-жылдын 21- октябрындагы № 2

Тиркеме №1

1. Мамлекеттик кызматтын паспорту

1

Кызматтын аталышы

Сатылуучу кызматтык жана жарандык сайлуу, ошондой эле чектелген кыйратуучу ок атуучу куралдан атылган окторду жана гильзаларды, ок-гильзотекасына каттоо, эсепке алуу карточкасын берүү менен алгачкы атуу - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеги) 5-главасынын 43-пункту

2

Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы

Коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча аткаруучу-башкаруучу функцияларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик укук коргоо органы (мындан ары – Кыргыз Республикасынын ИИМ).

Соттук-эксперттик ишмердик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ИИМдин ведомстволук бөлүгү – Кыргыз Республикасынын ИИМдин Эксперттик-криминалистикалык кызматы (мындан ары – ЭКК).

ЭККнын аймактык бөлүктөрү.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик органдардын тизмеси, алардын байланыш маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалымат такталарында жана расмий сайттарында жайгаштырылат

3

Мамлекеттик кызматтын керектөөчүлөрү

Жеке жана юридикалык жактар

4

Мамлекеттик кызматты алуунун укуктук негиздери

- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөКыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №47 “Контролдоо-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө нускама жана Кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби тууралуу нускаманы бекитүү жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-ноябрындагы №721 “Кыргыз Республикасында кызматтык жана жарандык курал-жаракты жана алардын ок-дарыларын жүгүртүүнүн Эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы №398 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматын түзүү жөнүндө”  токтому;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы №304 “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” токтому.

5

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ок-гильзотекасына каттоо карточкасын берүү менен

6

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары

Керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү кагаз форматында жүргүзүлөт:

-кезек күтүү принциби боюнча;

-санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана өрткө каршы коопсуздук талаптарына ылайык келген имараттарда;

-жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар, 1 жашка чейинки балдары бар адамдар) кезексиз тейленет.

Керектөөчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат.

Иштөө графиги: дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9.00 дөн 19.00 гө чейин, түшкү тыныгуу саат 12.00дөн 14.00гө чейин. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө арызды кабыл алуу иш күндөрү саат 09.00дөн 19.00гө чейин жүргүзүлөт.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү иш күндөрү саат 17.00 дөн 19.00 гө чейин жүргүзүлөт

7

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү

Кызматты көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү 15 жумушчу күнгө чейин, анын ичинде:

- арызды кабыл алууга жана/же кызматты алууга иш-аракеттердин чектелген убактысы 30 мүнөткө чейин;

- кызматтын жыйынтыгын берүүгө чектелген убакыт 20 мүнөткө чейин

2. Мамлекеттик кызматты алуучуларга маалымдоо

8

Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо

Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты төмөндөгүдөн алса болот:

 - Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кабылдамасынан;

 - Кыргыз Республикасынын ИИМдин сайтында: https://mvd.gov.kg;

- Кыргыз Республикасынын ИИМдин жеке кайрылууда;

- Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматтык такталардан, брошюралардан, буклеттерден.

Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет

9

Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуунун ыкмалары (мүмкүн болгон ыкмалардын бардыгын мүнөздөө же атап чыгуу )

Көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалыматты таратуу төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат:

- ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү);

- Кыргыз Республикасынын ИИМдин сайты: https://mvd.gov.kg;

- маалымат такталары, брошюралар, буклеттер;

 - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу;

- Кыргыз Республикасынын ИИМдин коомдук кабылдамасы.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты менен катар даректер, телефондор жана иштөө убактысы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин стендинде жана сайтында.

Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде акысыз берилет

3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана тейлөө

10

Кардарлар менен баарлашуу

Кызмат көрсөтүлгөн жерлерде кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин иш бөлмөлөрүнүн эшигине маалымат белгилери коюлат.

Кардарлар менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат:сылыктык, ак ниеттуулук, тууралык, чыдамкайлык, принциптерди сактоо, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешинин пикирин угуп, анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдердин негиздери.

Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функционалдык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген кесиптик жана этикалык нормаларды сактоого,  жарандарга карата көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуу, кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоого тийиш.

Медициналык-социалдык себептер боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар (майыптар, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана аларга кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада ишке ашырылат

11

Купуялуулукту камсыз кылуу жолдору

Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн

12

Мамлекеттик кызматтын керектөөчүсү тарабынан зарыл болгон документтердин жана/же аракеттердин тизмеги

Кызматты алуу үчүн жарандар Кыргыз Республикасынын ИИМдин бөлүктөрүнө кайрылып, төмөнкүлөрдү тапшырышы керек:

- үлгүгө ылайык кызмат көрсөтүүгө арыз: (арыздардын үлгүлөрү Кыргыз Республиканын ИИМдин такталарында жеткиликтүү);

- өздүгүн тастыктоочу документ (паспорт, инсандыгын тастыктаган документ);

- ишеним кат (юридикалык жактар үчүн);

- алгачкы атуу үчүн берилүүчү курал-жарактын номердик эсебин камтыган документ (курал-жарактын партиясы берилген учурда);

- мамлекеттик кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн төлөм квитанциясы;

- куралдын паспортунун көчүрмөсү;

- жарактуу курал жана ага 3 даанадан кем эмес сандагы бүтүн металл кабыкчасы (FMJ) менен патрондор

13

Мамлекеттик кызматтын акы төлөнүүчү наркы

Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт.

Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилигинин буйругу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал маалымат такталарында жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин расмий сайтында жайгаштырылат (https://mvd.gov.kg).

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт

14

Мамлекеттик кызматтын сапатынын параметрлери

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:

- көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүк жана өз убакагында;

- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этноско таандыктыгы, туткан дини, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;

- жеткиликтүүлүк, жарандардан кызматты алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу;

- кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жай, коммуналдык шарттардын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык камсыздоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта);

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин тууралыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бүткүл жол-жобосу боюнча зарыл документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кеңештери;

- акыркы натыйжанын (алынган кызматтын) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келиши;

 - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болушу

15

Электрондук форматта кызматты көрсөтүү

Электрондук форматтагы кызмат көрсөтүлбөйт

4.Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби

16

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу

Эгерде мамлекеттик кызматтын керектөөчүсү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү талап кылууда так эмес маалыматтарды берсе же ушул стандарттын 12-пунктуна ылайык жарактуу курал-жарактарды жана ок-дарыларды бербесе, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги аларды арыз ээсине көрсөтүп, бул кемчиликтерди оңдоого мүмкүнчүлүк берет

17

Даттануу тартиби

Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү Кыргыз Республикасынын ИИМдин түздөн-түз же өзүнүн өкүлдөрү аркылуу оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу.

Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, даттануунун маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн же анын өкүлүнүн колун жана датасын камтууга тийиш.

Даттанууларды жана доолорду кароо “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

Даттануу боюнча кабыл алынган чечим канааттандырбаган учурда арыз ээси Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыйгарым укуктуу органдардын чечимдерине сот тартибинде даттанууга укуктуу

18

Мамлекеттик кызматтын стандартын кайрадан карап чыгуунун мезгилдүүлүгү

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үзгүлтүксүз, үч жылда бир жолудан кем эмес каралып турушу керек

Тиркеме №2

1. Мамлекеттик кызматтын паспорту

1

Кызматтын аталышы

Юридикалык жана жеке жактардын эсебинде болгон кызматтык жана жарандык сайлуу, ошондой эле чектелген кыйратуучу ок атуучу куралдардан контролдук атуу - Мамлекеттик кызмат көрсөтүлгөн бирдиктүү реестринин (тизмеги) 5-бөлүмүнүн 44-пункту