facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

19.02.2022

Уурулук” рейдинин жүрүшүндө Таласта уурулук менен алектенген жарандар кармалды

Уурулук” рейдинин жүрүшүндө Таласта уурулук менен алектенген жарандар кармалды
Уурулук” рейдинин жүрүшүндө Таласта уурулук менен алектенген жарандар кармалды
Уурулук” рейдинин жүрүшүндө Таласта уурулук менен алектенген жарандар кармалды

Талас облусунун аймагында кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан 2 күн катары менен “Уурулук” шарттуу аталыштагы рейд өткөрүлгөн. Анын негизинде кызматкерлер мурда катталган уурулук кылмыштарынын бетин ачуу максатында бир топ иштерди аткарышты. Рейд учурунда 3 факты уурулуктун да бети ачылган. Талас РИИБне райондун ар кайсы айылдарынан арыз билдирүүлөр келип түшкөн. 1)  Анда  Кара-Ой айылынан үйүнүн мал короосунан   койлорунун арасынан эки  баш койлорун белгисиз адамдар тарабынан уурдалган. 2) Кум-Арык айылынан мал короодон   бир баш кой белгисиз адамдар тарабынан уурдалган  3) Манас айылында үйүнүн эшигинин алдында кол арабада салынып турган 2-даана жүк ташуучу  унаага тиешелүү аккумуляторду белгисиз адамдар уурдап кетишиптир деп жабырлануучу билдирген. Аталган фактылар Талас РИИБнин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын КЖКнин 205-беренеси (уурулук)  менен кылмыш иши козголгон.
Кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан ыкчам иш аракеттер жүргүзүлүп, катталган кылмыштардын баары 6-февраль түнү болгондугун аныкташкан. Ыкчам аракеттердин негизинде уурулукка шектүүлөрдүн “ДЭУ Нексия”  авто унаасы  менен жүргөндүгүн такташып, аларды колго түшүрүшкөн. Шектүүлөр  Манас району Покровка айылынын тургундары  1997-М.А., 1997-ж.т. М.А., 2001-ж.т. К.Э., 2002-ж.т. К.А., уурдалган койлорду мал алып саткандарга сатып, ал эми унаа аккумуляторун Бишкек шаарынан саткандары такталган. Учурда кармалгандардын бирөөсү М.А. Талас ОИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, калган үчөө үй камагында. Аталган факты боюнча тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.
Талас ОИИБнин басма сөз кызматы.

Пайдалуу шилтемелер