facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

15.02.2022

Базар-Коргон жана Тогуз-Торо милициясынын өткөн жылы аткарган жумуштары элдин талкуусуна коюлду

Базар-Коргон жана Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн участкалык инспекторлорунун, балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин 2021-жыл ичинде аткарган иштери жарандардын талкуусуна коюлду. Элдик жыйындарга райондук мамлекеттик администрациянын, РИИБдин жетекчилик курамдары жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Жыйын учурунда милиция кызматкерлери тейлеген аймактарындагы укук тартибинин абалы, коронавирус илдетине каршы күрөшүү, кылмыштардын жана башка укук бузуулардын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматтарды беришти. Ошондой эле диний экстремизм жана терроризм, улуттар аралык араздашуу, мал уурулук, мектеп рекетчилиги, жаш өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук жана өз өмүрүнө кол салуу сыяктуу маселелердин алдын алуу багытында баяндамаларды жасашты.

Милиция кызматкерлеринин материалдык-техникалык базасын бекемдөө маселеси талкууга коюлуп, иш баяндамалардын протоколдоруна жазылып, мамлекеттик администрация жана айыл аймактардын жетекчилеринин кароосуна жөнөтүлдү.

Жалпысынан алганда жергиликтүү тургундар милициянын өткөн жылы аткарган жумуштарына канааттандыраарлык баасын беришти.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер