15.02.2022
Шаардык кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан тоноого шектүү жарандар кармалды
2022-жылдын 8-февраль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБна Б.Р. атуу жаран арыз менен кайрылган. Анда, ушул эле күнү болжол менен саат 19:30 чамасында, Бишкек шаарынын Чуй проспектинен ачык түрдө арыздануучунун баласынан 17 миң сомду түзгөн, "SamsunggalaxyA30s" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун, 3 миң сомду түзгөн кулаками салып угуучу аспабын жана 7 миң сомду түзгөн акчалай каражатын ачык түрдө ээлик кылып, белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен.
Аталган факт Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнын кылмыштардын бирдиктүү реестрына катталып, КРнын Кылмыш жаза кодексинин 206 (тоноо) фактысы менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Ленин РИИБнын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип, 2003-жылы туулган Р.Б. жана 2004-жылы туулган Б.Э.атуу жарандардын өздүгү такталып, Тергөө кызматына жеткирилишкен. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96 беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынышкан. Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан, Р.Б. аттуу шектүүгө карата Бишкек шаарынын ТИЗО-1ге бир айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы колдонулган. Ал эми, Б.Э. атуу шектүү ата-энесинин кароосуна өткөрүлүп берилген.
Азыркы учурда, кылмышка шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо боюнча тийиштүү тергөө иштери жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Бишкек ш. Ленин РИИБнын Басма сөз кызматы