facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

25.08.2021

ИИМ: ИИМдин жана прокуратуранын кызматкерлери адамдарды сатууга байланышкан кылмыш ишин натыйжалуу иликтөө үчүн окуудан өтүшүүдө

2021-жылдын 24-25-августунда Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылында  Кыргызстандын Нарын, Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарынын прокуратуранын кызматкерлери жана ички иштер органдарынын тергөө кызматтарынын начальниктери үчүн эки күндүк практикалык-тренингдер өтүп жатат: "Адам сатууга байланыштуу кылмыштарды иликтөө жана соттук териштирүү, анын ичинде эл аралык кызматташуу жана адамдарды сатуунун курмандыктарына укуктук жана башка жардам көрсөтүү маселелери".
Тренингге ички иштер министрлигинин 29 кызматкери жана прокуратуранын 39 кызматкери катышууда.
 Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар адамдарды сатуу боюнча кылмыш иштерин иликтөөнүн жана тергөөнүн өзгөчөлүктөрү, эл аралык кызматташуу жана адамдарды сатуунун курмандыктарына укуктук жана башка жардам көрсөтүү боюнча өздөрүнүн маалымдуулугун жогорулатышат.
 Тренингде Адамдарды сатуунун курмандыктарын  кайра жиберүүнүн улуттук механизми, адамдарды сатуунун курмандыктарын аныктоо критерийлери, адамдарды сатуунун курмандыктарын эксплуатациялоонун белгилери, ошондой эле ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын, Тергөө кызматынын жана Прокуратуранын адам сатууга байланыштуу кылмыштарга каршы күрөшүүдөгү  ролу каралууда.
 Окутууну БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын  Программалык кеңсесинин техникалык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратурасы биргеликте уюштурушту.
 Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин КМКнын Биринчи башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Жумабаев М.Ж., ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын улук прокурорлору Камолидинов С. менен Кудаяров Т, Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси менен Жазык-процесстик кодексинин жаңы долбоорун түзүүчүлөр тренингди  алып барышты.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер