facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

01.02.2022

Ош облусунда  “Джамаат ат-Таухид валь-Джихад” террористтик уюмунун жактоочусу кармалды

Ош облусунда  “Джамаат ат-Таухид валь-Джихад” террористтик уюмунун жактоочусу кармалды

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Ош облусунун 38 жаштагы тургуну Ж.Э.  аттуу жаран «инстаграм» интернет баракчасы аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган террористик жана экстремисттик уюмдардын материалдарын уюлдук телефон аркылуу таркатып жүргөндүгү аныкталып, аркетине юридикалык баа берүү максатында кармалып, Ош ОИИБдин тергөө кызматына камсыз кылынган. Ал өзүнө таандык болгон  уюлдук телефону аркылуу диний-экстремисттик мүнөздөгү материалдарды тараткандыгы аныкталган. 
“Джамаат ат-Таухид валь-Джихад” террористик уюмунун (2016-жылдын 17-март күнү Ош шаардык сотунун чечими менен Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган)  жакын колдоочусу катары бааланып, социалдык тармактарда чакырыктарын таратып жүргөндүгү айкын болгон. Ошондуктан анын үстүнөн, КРнын ЖКнин 332-беренесинин (экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу) негизинде  кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Соттук экспертизалардын жыйынтыгы менен алынган материалдардын курамында Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында тыюу салынган диний-экстремисттик материалдар бар экендиги тастыкталган. Учурда тергөө иштери аяктап, кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлдү.

 Ош ОИИБдин басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер