17.11.2025
Ички иштер министрлигинде кытай ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү
2025-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде кытай ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин катышуусунда жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Жыйын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиевдин төрагалыгы астында өттү.
Жолугушуу конструктивдүү жана ачык маанайда өттү. Тараптар өз ара көңүл бурууну талап кылган маселелерди талкуулашты. Чет өлкөлүк адистерди тарткан компаниялар тарабынан маалыматтык-түшүндүрүү иштерин өз убагында жүргүзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Кытай жарандарына Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары, ошондой эле жергиликтүү каада-салттарды жана коомдук турмуштун өзгөчөлүктөрүн сыйлоо боюнча принциптер жеткиликтүү түшүндүрүлүшү зарыл экендиги айтылды.
Министрлик биргелешкен иштин негизги максаты бардык жарандар, анын ичинде чет элдик жумушчулар үчүн туруктуу жана коопсуз чөйрөнү сактоо экендигин баса белгиледи. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги кытай ишкер-коомчулугу менен тыгыз кызматташууга ачык экендигин жана мүмкүн болгон терс жагдайларды алдын алууга көмөкчү боло турган чараларды биргеликте иштеп чыгууга даярдыгы айтылды.
Ички иштер министрлиги объективдүүлүк, мыйзамдуулук жана өз ара урматтоо принциптерин карманат жана мындан аркы сүйлөшүүгө жана кызматташууга даярдыгын тастыктайт.
ИИМдин Басма сөз кызматы






