facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

29.10.2025

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

2025-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары -  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев ички иштер органдарынын кызматкерлерин келе жаткан кесиптик майрамы - Кыргыз милициясынын күнү менен куттуктады.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө генерал-полковник Камчыбек Ташиев Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 101 жылдыгы - бул мамлекеттин, коомдун жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо багытындагы узак жылдар бою аткарылып келе жаткан кызматтын тарыхый жолун жана милдетине берилгендикти тастыктаган маанилүү дата экенин белгиледи.

Ал милиция кызматкерлерине өз ишине берилгендик жана өзгөчө жоопкерчилик менен эмгектенгени үчүн ыраазычылык билдирип, аларга бекем ден соолук, бакубатчылык жана кызматында мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар милиция кызматкерлерине атайын кызматтын жетекчиси тарабынан сыйлыктар тапшырылды.

Пайдалуу шилтемелер