facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

20.10.2025

Астанада КМШга катышуучу- мамлекеттердин укук коргоо органдарынын жетекчилеринин орун басарларынын жыйыны өттү

2025-жылдын 16- октябрынан 19-октябрына чейин Астана шаарында  КМШга катышуучу- мамлекеттердин санариптештирүү маселесин караган укук коргоо органдарынын жетекчилеринин орун басарларынын,  КМШга катышуучу- мамлекеттердин аймагында борбордук маалыматтык кызматтарынын жетекчилеринин,  уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштын башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөштү координациялоо боюнча бюросунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жыйын өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынан ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Суюнбек Ниязбеков барды.

Жыйындын жүрүшүндө укук коргоо органдарынын санариптик өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу багыттары, маалымат алмашуу, инновациялык технологияларды киргизүү жана киберкоопсуздукту камсыздоо маселелери талкууланды.

Жыйында сөз сүйлөгөн милициянын генерал-майору Суюнбек Ниязбеков КМШ аянтчасы ишенимди бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана укук тартибин камсыздоо жаатындагы аракеттерди координациялоо үчүн ишенимдүү механизм экенин белгиледи. Ал белгилегендей, трансулуттук коркунучтар өсүп жаткан шартта Шериктештик өлкөлөрүнүн укук коргоо органдарынын ортосундагы маалымат алмашуунун ыкчамдыгы, тактыгы жана корголушу өзгөчө мааниге ээ болот.

Министрдин орун басары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги маалымат алмашуу коопсуздугунун жана натыйжалуулугунун жогорку деңгээлин камсыздаган маалыматтык бөлүмдөрдү модернизациялоо, санариптик чечимдерди жана инновациялык технологияларды киргизүү боюнча комплекстүү чараларды ишке ашырып жатканын баса белгиледи.

Ошондой эле ал кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү ар бир өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн эске алган, бирок улуттук системалар ортосунда шайкештикти жана жогорку деңгээлдеги ишенимди камсыз кылган бирдиктүү маалыматтык алмашуу стандарттарын жана протоколдорун түзүүгө багытталышы керек деген ишенимин билдирди.

Жыйынтыгында Суюнбек Ниязбеков белгилегендей, азыркы кеңешменин жыйынтыгы КМШга катышуучу- мамлекеттердин ички иштер министрликтеринин ортосундагы өз ара аракеттешүүнү бекемдөөнүн кезектеги кадамы болуп, укук коргоо чөйрөсүндө заманбап интеграцияланган эл аралык маалыматтык системаны калыптандырууга негиз болот.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер