facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

15.10.2025

Талкаланган тагдырлар: Айсулуу Мукашева боюнча кылмыш ишинин артынан өтө оор кылмыштардын бети ачылууда.

Талкаланган тагдырлар: Айсулуу Мукашева боюнча кылмыш ишинин артынан өтө оор кылмыштардын бети ачылууда.

17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын өлүмү боюнча тергелип жаткан оор кылмыш ишинин алкагында аныкталган айрым жагдайлар боюнча, Ички иштер министрлиги ЭлТР телеканалы менен биргеликте коомчулукка так жана туура маалымат жеткирүү максатында, атайын видеотасма жасаган.

Атайын иликтөөдө жогорудагы кылмыш ишине шектелген жаран 1984-жылы туулган А.К. дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар экендиги, алар боюнча шектүү толугу менен мойнуна алып айтып бергендиги камтылды. Ошондой эле, шектүүнүн колунан жабыркап тирүү калган кыздар көрсөтмө берип, окуяны толук айтып беришкен. Бирок, ошол учурда жабырлануучулардын сотто берген көрсөтмөлөрүнө карабастан, шектүү А.К.нын жаза өтөө мөөнөтүн жеңилдетилген чечим чыгарылган.

2014-жылы табышмактуу түрдө  киши колдуу болуп өлтүрүлгөн Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө дагы бул шектүүнүн толук тиешеси бар экендиги көрсөтүлдү.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу такталууда. Тергөө амалдары уланууда.

Бул же башка кылмыш фактылары боюнча маалыматыңыздар болсо, 102 номери же +996 220 085 607 байланыш телефону аркылуу билдиринүү суранабыз.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер