facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

23.09.2025

ИИМ: 23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү

ИИМ: 23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү

23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Бул күн мамлекеттик тилдин маңызын баса көрсөтүү, анын өнүгүүсүн жана колдонулушун жайылтуу максатында белгиленет. 

Мамлекеттик тил - бул улуттун маданий мурасы, мамлекеттик башкаруунун жана коомдук турмуштун негизи болуп саналат.

Ички иштер министрлиги мамлекеттик тилди урматтоо жана колдонуу - улуттук маданиятты сактоонун жана мамлекеттик башкарууну өнүктүрүүнүн маанилүү бөлүгү экенин баса белгилейт. Министрликтин өздүк курамы күнүмдүк ишмердүүлүгүндө мамлекеттик тилди туура колдонууга жана коомчулук менен байланышты чыңдоого өз салымын кошууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер