facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

02.09.2025

ИИМдин кызматкерлери коррупциянын алдын алуу боюнча инструктаж өткөрүштү

2025-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында ИИМдин кызматкерлери тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилик курамы үчүн атайын нускама өткөрүлүп, анда коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу маселелери талкууланды. 

Иш-чаранын негизги максаты мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу, мыйзамдуулукту сактоо жана чынчылдык менен айкындык принциптерин бекемдөө болду.

Нускаманын жүрүшүндө катышуучуларга коррупциянын мыйзамдык негиздери жана ага байланышкан жоопкерчиликтер түшүндүрүлүп, саламаттыкты сактоо тармагындагы тобокелдиктер белгиленди. Ар бир жетекчинин жеке жоопкерчилиги өзгөчө баса белгиленип, кызматтык жүрүм-турум жана этика маселелерине мисалдар аркылуу токтолунду.

Иш-чаранын жыйынтыгында жетекчилер коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кошумча маалымат алышып, министрликтин ички көзөмөлүн күчөтүү зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле, ар бир жетекчи коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо боюнча өз милдеттерин так аткарууга даяр экенин билдиришти.

Коомчулукка ачык маалымат берүү жана калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү максатында министрликтин мекемелеринде адамдар көп чогулган жайларга «Коррупцияга жол жок!» аттуу ураан менен атайын эскертүүчү баракчалары жайгаштырылды.

Белгилей кетсек, иш-чара Ички иштер министрилигинин  жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери тарабынан уюштурулду.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер