facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

01.09.2025

Билим күнү: милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана балдардын коопсуздугун камсыз кылууда

Жаңы окуу жылынын башталышына карата майрамдык иш-чараларды өткөрүүдө укук тартибин жана коопсуздукту камсыздоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-профилактикалык комплекстүү иш-чаралары өткөрүлүүдө.

Республиканын окуу жайларында ички иштер министрлигинин 5 миңден ашык кызматкерлери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылышууда. Мындан тышкары, сейил бактардын аймактарында, соода борборлорунда, оюн-зоок комплекстеринде жөө жана көчмө кайгуулдар тартылат. Ошондой эле билим берүү мекемелеринин жанында жол коопсуздугун камсыздоого олуттуу көңүл бурулууда.

Ички иштер министрлиги айдоочуларды мектептердин жанынан унаа айдаганда өтө этият болууну эскертет. Ата-энелер балдарды унаага отургузуу жана түшүрүү учурунда коопсуздукту камсыз кылуу маанилүү.

ИИМ балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда тез арада жакынкы милиция кызматкерине кайрылып же күнү-түнү иштеген 102 номуруна чалууну эскертет.

Пайдалуу шилтемелер