facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

31.08.2025

Жаштар үчүн үлгү: мекенге берилгендик жана чыгармачылык

Майор Акылбек Темиралиев ИИМдин Ички аскерлеринин күжүрмөн жана атайын даярдоо бөлүмүнүн офицери болуп кызмат өтөйт. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат, дегендей эле Акылбек Темиралиев  өлкөнүн чыныгы мекенчил уулу, спортчу жана чыгармачыл аскер кызматчысы. Ал Ички аскерлерде кызмат өтөп, спортту жан дүйнөсү менен сүйүп, чыгармачылыкта дагы жаңы чеберчиликтерди өздөштүрүп келет.

Чыгармачылыкка болгон кызыгуусу окуучулук кезинен башталып, бий жана заманбап ыр жазуу чейин уланган. Музыка анын жашоосунун маанилүү бөлүгүнө айланып, ой-мүдөлөрүн билдирүү жолу болуп калган.

Бүгүнкү күндө ал «CAP» каймана аты менен таанымал болуп, эл арасына чыгармачылыгы менен белгилүү. Учурда майор Темиралиевдин жаңы чакан альбому жарык көрүүгө даярдалып жатат. Альбом «Намыс - өмүрдөн кымбат» деп аталып, анын ичинде мекенчилдик дагы темасындагы ырлар камтылат. Ошондой эле, анын чыгармачылыгында өзгөчө орунду «ШЕР» аттуу ыры ээлейт. Ал ырынын клибинин алгачкы бет ачары Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 34 жылдыгынын урматына көрсөтүлүп, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин эрдигин жана биримдигин чагылдырат.

Акылбек Темиралиев спортто да чоң жетишкендиктерге ээ болуп, каратэ, кикбоксинг, грэплинг жана кармаш уруш жана башка спорттун түрлөрү боюнча эл аралык мелдештерде катышып, байгелүү орундарды ээлеп, өлкөнүн жана кызматтын кадыр-баркын жогорулатууда салымын кошууда. Азыр ал кармаш уруш боюнча окутуучу болуп, жаш муундарды тарбиялап келет. 

Ал өз кызматы аркылуу турмуштук сабактарды, чыдамкайлыкты, тактыкты жана мекенчилдикти үйрөнгөн. Кызматын, спортту жана чыгармачылыкты тең салмак менен алып жүргөн мекен сакчысы - жаштар үчүн мыкты үлгү болуп, мекенчилдикти, эмгекти жана чыгармачылыкты бирге айкалыштыра билген мырза катары таанылып, коомдо үлгүлүү аскер жана чыгармачыл инсан катары өз ордун бекемдөөдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер