30.08.2025
Кара-Сууда милиция кызматкерине пара берген жаран кармалды
Кара-Сууда милиция кызматкерине пара берген жаран кармалып, ага карата кылмыш иши козголду.
2025-жылдын 29-августунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесине (Зордуктоо) ылайык козголгон кылмыш иши боюнча шектүү катары суралып жаткан Т.А. аттуу жаран, маселени оң жагына чечип берүү максатында милиция кызматкерине 25 000 сом акча каражатын сунуштаган.
Аталган факты Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында ИИМдин кызматкерлери тарабынан милиция кызматкерине 25 000 сом акча каражатын берип жаткан жеринен Өзгөн шаарынын тургуну 1988-жылы туулган Т.А. жаран кармалган.
Азыркы учурда кармалган Т.А. жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери улантылууда.
ИИМдин Басма сөз кызматы