27.08.2025
Бишкекте банктык карталарды жана SIM-карталарды берген дроппер жаңы мыйзамдын негизинде кармалды
Бишкекте Кылмыш-жаза кодексинин 209-1-беренеси (Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу) менен биринчи кылмыш иши козголду.
Милицияга А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2025-жылдын 11-августунда Бишкек шаарындагы банктардын биринин ичинде алдамчылык жолу менен ишенимге кирип, USDT криптовалютасын сатуу шылтоосу менен арыз ээсинен 850 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып, белгисиз тарапка качып кеткен адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-1-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, арыз ээси QR-код аркылуу 850 000 сомду абоненттик телефон номурларынын бирине туташкан эсепке которгону, бул банк эсеби жаран Ж.у.М. атына катталганы аныкталган.
Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан өзүнүн банктык картасын интернет-банкингге жана мобилдик тиркемеге толук кирүү мүмкүнчүлүгү менен сый акыга белгисиз адамга берген 2006-жылы туулган Ж.у.М. дроппер (алдамчылык схемаларга катышкан, уурдалган акчаны накталай алууга жардам берген адам) аныкталып, кармалган.
Ж.у.М. зарыл болгон тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Тергөө кызматына жеткирилген.
Учурда кармалган жаранга карата электрондук көзөмөл түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Тергөө уланууда.
Урматтуу жарандар! Сак болуңуз: банктык карталарыңызды же SIM-карталарыңызды үчүнчү жактарга берүү менен өзүңүздү тобокелге салып, кылмыш жоопкерчилигине тартылып калышыңыз мүмкүн.
ИИМдин Басма сөз кызматы