facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

27.08.2025

ИИМ: Жеңиш чокусундагы окуя жөнүндө маалымат текшерилүүдө

ИИМ: Жеңиш чокусундагы окуя жөнүндө маалымат текшерилүүдө

 Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Россия Федерациясынын жараны альпинист Наталья Ноговицина учураган өзгөчө кырдаалдагы кырсык боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүүдө. 

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 12-августунан бери альпинист 7 100 метр бийиктиктеги Жеңиш  чокусунда бутунан жаракат алган бойдон, ошол жерде калууда. Ошондой эле, бир нече булактарда анын өлгөндүгү мүмкүн экендигин  билдиришүүдө. 

 Бул факты боюнча материал Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Маалыматтарды каттоо журналы” автоматташтырылган маалыматтык тутумуна катталган. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында   чокуга чыгууну ишке ашырган туристтик компанияга да юридикалык баа берилет.   

Пайдалуу шилтемелер