facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

27.08.2025

ИИМде окуучулар арасындагы деструктивдүү жүрүм-турум жана алдын алуу чаралары боюнча онлайн семинар-кеңешме өттү

2025-жылдын 26-августунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде «Окуучулар арасындагы деструктивдүү жүрүм-турум: таасири жана алдын алуу» аталышындагы онлайн семинар-кеңешме өткөрүлдү.

Иш-чара Ички иштер министрлиги жана Жаштар арасында деструктивдүүлүктүн жана экстремизмдин алдын алуу институту (КРСУ ЖДЭАИ) менен биргеликте уюштурулду.

Онлайн иш-чарага ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери жана КРСУ ЖДЭАИнин адистери, ошондой эле Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Ош облустарынын Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери катышып, окуучулар арасындагы деструктивдүү жүрүм-турумду алдын алуу чаралары, экстремизмди жана мыйзамсыз миграцияны алдын алуу боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Иш-чаранын алкагында жаштар арасындагы деструктивдүү жүрүм-турумдун түрлөрүнө, алдын алуу ыкмаларына жана билим берүү мекемелериндеги тарбиялык иштерди бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери практикалык чаралар жана бул жааттагы ийгиликтүү иштер боюнча баяндама жасашты.

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Нуржан Адылова жаштар арасындагы терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында мамлекеттик органдар, билим берүү мекемелери жана коомдук уюмдар менен тыгыз байланышта иш алып баруу зарылдыгын белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында тармактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана алдын алуу иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айкын кадамдар кадамдар белгиленди.

Белгилей кетсек, семинар-кеңешме Талас, Нарын, Чүй  облустарында, ошондой эле Ош жана Бишкек шаарларында да өткөрүлөт.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер