facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

26.08.2025

ИИМдин кызматкери КМШнын эл аралык медиа сынагында байгелүү орун алды

ИИМдин кызматкери КМШнын эл аралык медиа сынагында байгелүү орун алды
ИИМдин кызматкери КМШнын эл аралык медиа сынагында байгелүү орун алды
ИИМдин кызматкери КМШнын эл аралык медиа сынагында байгелүү орун алды

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматынын улук тескөөчүсү милициянын капитаны Аселя Ниязова КМШга катышуучу-мамлекеттердин Ички иштер министрлеринин кеңешинин жыл сайын өтүүчү медиа сынагындагы “Туулган жериңдин сулуулугу” номинациясында 3-орунду ээледи. 

Сынак укук коргоо ишмердүүлүгүн жайылтуу, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин оң имиджин калыптандыруу, кызматтын кадыр-баркын жогорулатуу, ошондой эле коомдун укук коргоо органдарына болгон ишенимин бекемдөө максатында өткөрүлүп келет.

Сынактын негизги максаттары жана тапшырмалары болуп төмөнкүлөр саналат:
- ички иштер органдарында кызмат өтөөнүн каада-салттарын жана  баатырларынын кадыр-баркын пропагандалоо; 
- ички иштер органдарынын кызматкерлеринин чыгармачылыгын жана чеберчилигин өнүктүрүү жана жогорулатуу;
 - жаштар арасында укук коргоо ишмердүүлүгүн сыйлоого тарбиялоо, ички иштер органдарында кызмат өтөөнүн кадыр-баркын жогорулатуу.  
 
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги сынактын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, мындай долбоорлорго катышуу КМШ өлкөлөрүнүн кызматташтыгын бекемдөөгө жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин чыгармачылык дараметин жана жөндөмүн өнүктүрүүгө жардам берерин белгилейт.  

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер