facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

26.08.2025

Улан Ниязбеков онлайн кеңешмеде баңгизаттарга каршы күрөшүү иш-чаралары боюнча маселелерге токтолду

2025-жылдын 26-августунда Ички иштер министрлигинде ички иштер органдарынын жетекчилерине өткөрүлгөн онлайн кеңешмеде Улан Ниязбеков ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнө токтолду. 

ИИМ башчысы өз сөзүндө Ички иштер министрлиги баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматтарынын материалдык-техникалык базаларын бир кыйла чыңдап, ишмердиктерин өркүндөтүп, заманбап санарип үлгүдөгү техникалык каражаттар жана эң алдыңкы технологиялар менен камсыздаганын билдирди. Аталган камсыздоолордун натыйжасында, баңгизаттарга каршы күрөшүү ыкмасы бир топ жакшырган. 

Онлайн кеңешменин жүрүшүндө маалым болгондой,  үстүбүздөгү жылдын 7 айында мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпысынан 3 тонна 762 кг. баңгизаттары алынган.  Аны менен бирге, ар түрдүү синтетикалык баңгизаттарын даярдап, чыгарган 14 лабораториялар аныкталган. Натыйжада, лабораториялардан 1 тонна 513 кг. баңги жана психотроптук заттары алынган.   
 
Ушуга эле катар, ички иштер министри жер-жердеги жетекчилерге бул багытка абдан катуу көңүл буруп, кыска мөөнөттүн ичинде жаштар арасында таасирдүү түшүндүрүү иш-чаралары күчөтүүнү, баңгизаттардын коомчулук арасында жайылуусуна, башка өлкөлөрдөн ташылып келүүсүнө жана лабораториялардан жасалып чыгуусуна катуу бөгөт коюну тапшырды.

Бүгүнкү кеңешмеде берилген тапшырмаларды сапаттуу жана натыйжалуу аткаруу керектигин ички иштер органдарынын жетекчилерине  дагы бир жолу эскертти.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер