facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

06.08.2025

“Аалам” пансионаты - өткөндү урматтоо менен, азыркы учурга кам көрүү

“Аалам” пансионаты - өткөндү урматтоо менен, азыркы учурга кам көрүү


Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын түштүк-чыгышында жайгашкан “Аалам” эс алуу үйү 1984-жылдан бери иштейт жана салттуу түрдө милиция кызматкерлерин, ардагерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн кабыл алат. Пансионат жеңилдетилген жолдомолор боюнча эс алууну сунуштайт.

Өзүнүн пляжы бар көрктүү аймакта коноктор жумшак климаттан жана тынчтыктан ырахат алышат. Коопсуздукту “Шумкар” атайын багыттагы полку жана Ички аскерлер камсыздайт, ал эми эс алуучулардын ден соолугун ИИМдин Бейтапканасынын тажрыйбалуу дарыгерлери күнү-түнү көзөмөлдөшөт. Бул жерде бардыгы жылуулук жана камкордук менен уюштурулган: сапаттуу медициналык жардамдан даамдуу жана пайдалуу тамак-ашка чейин.
 

Пайдалуу шилтемелер