05.08.2025
Милиция кызматкерлеринин катышуусундагы жалган видеолор тарап жатат-сак болуңуздар!
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги интернетте милиция кызматкерлери, анын ичинде ИИМдин жетекчилери кайрылуу жасап жаткан жалган видеолор тарап жатканын билдирет. Бул видеолор жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен даярдалган жана чыныгы кайрылууга эч кандай тиешеси жок.
Жарандарды сак болууга жана интернетте тараган маалыматтарды сын көз менен кабыл алууга чакырабыз. Эгерде маалыматка күмөн саноолор пайда болсо, ИИМдин расмий булактарына кайрылыңыздар.
Жалган контентти таратуу фактысы боюнча текшерүү башталды. Жыйынтыгы менен укуктук баа берилет.