facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

04.08.2025

Кыргыз Республикасынын ИИМи эл аралык технологиялык компаниялар менен кызматташууну күчөтүүдө

2025-жылдын 4-августунда Шэньчжэнь шаарында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Суюнбек Ниязбеков Hytera  компаниясынын башкы директору  Елин Цзян менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу маселелери, ички иштер органдарынын ишмердигине инновациялык технологияларды жайылтуу жолдорун талкуулашты.

Ошондой эле тараптар тездик менен өнүгүп жаткан технологиялар жана трансулуттук кылмыштуулук коркунучу шартында коомдук коопсуздукту камсыз кылууда санариптик чечимдерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Министрдин орун басары санариптик трансформация — Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин баса белгиледи. Телекоммуникация жана маалымат тутумдарын, анын ичинде тагылуучу унаа жана стационардык радиостанцияларды, ошондой эле боди-камераларын колдонууга өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.

Кыргыз тараптын Hytera компаниясы менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана укук коргоо органдарынын натыйжалуулугун жогорулатууга, коомдун коопсуздугун камсыздоого багытталган жаңы долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Hytera Communications Corporation Limited — дүйнө жүзү боюнча 90дон ашык өкүлчүлүгү жана 1,8 миллиондон ашык кардар базасы бар кесиптик коммуникациялык чечимдердин дүйнөлүк алдыңкы жеткирүүчүсү.
 
Пайдалуу шилтемелер