29.07.2025
Ош шаарында экспертиза учурунда качып кеткен шектүү кармалды
Ички иштер министрлиги Ош шаарында камактан качып кеткен адам кармалганын билдирет.
Буга чейин зордуктоого шектелген жаран соттук-психиатриялык экспертизадан өтүп жаткан имараттан качып кеткени маалымдалган. Аталган факты боюнча зарыл болгон күч жана каражаттарды тартуу менен дароо издөө иш-чаралары уюштурулган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү кармалды. Учурда ал кайрадан камакка алынды. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет.
Жогорудагы окуянын себептерин жана жагдайларын аныктоо, ошондой эле шектүүнү коштоп жүрүү боюнча жооптуу кызматкерлердин (конвоир) аракеттерине баа берүү максатында кызматтык текшерүү жүргүзүлүп жатат.
ИИМдин Басма асма сөз кызматы