28.07.2025
ИИМ: чет өлкөдө жашырынып жүргөн кылмышкерлер кармалып, экстрадицияланышы күтүлүүдө
ИИМдин кызматкерлеринин жана чет өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдарынын биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Түркияда, Италияда жана Арменияда Интерпол линиясы боюнча эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жарандары кармалды.
2025-жылдын 25-июлунда адам өлтүрүү үчүн изделип жаткан жаран 1990-жылы туулган А.Ш. Түркия Республикасынын аймагында кармалган. 2014-жылдын февраль айында “Ош-Бишкек” унаа жолунда А.Ш. шериктери менен бирге жаран М. У. карата ок аткан. Анын кесепетинен М.У. каза болгон. Кылмыш болгондон кийин жогоруда кармалган жаран 11 жыл боюу чет өлкөдө жашынып жүргөн. Эл аралык тыгыз кызматташтыктын аркасында анын жайгашкан жери аныкталып, камакка алынды.
Буга чейин, ушул жылдын 26-майында Италиянын Нуоро провинциясында оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн жаран 1985-жылы туулган А.К. кармалган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2017-жылдын 23-апрелинде Токмок шаарында ал шериктери менен бирге жарандан материалдык баалуулуктарын опузалап, жабырлануучунун денесине залал келтирген.
Ошондой эле, Армениянын аймагында эл аралык кызматташуунун алкагында Ереван шаарында жаран 2005-жылы туулган Ш.И. кармалган. Ал синтетикалык психотроптук заттарды сатууну уюштурган деген айып менен эл аралык издөөдө жүргөн. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал Каракол шаарынын аймагында баңгизаттарды таратуу үчүн Telegram-канал түзүп, ошондой эле шаардын көчөлөрүнө үгүт жазуулары камтылган жарнактарды жайгаштырган.
Кармалгандардын баары тиешелүү өлкөлөрдүн тергөө абактарына киргизилген. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан аталган адамдарды Кыргызстандын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн экстрадициялоо жол-жоболору демилгеленген.
Ички иштер министрлиги мындан ары да сот адилеттигинен качкан адамдарды кайда жүрбөсүн аныктоо жана кармоо үчүн эл аралык издөө жана өз ара аракеттенүү механизмдерин жигердүү колдонот.
ИИМдин Басма сөз кызматы