facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

25.07.2025

Улан Ниязбеков жетекчилерге өздүк курамдын тартибин чыңдоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди

2025-жылдын 25-июлунда Ички иштер министрлигинде өткөрүлүп жаткан  коллегиялык отурумда Ички иштер министри Улан Ниязбеков өздүк курамдын тартиби, таалим-тарбиясы жана сапаттуу кадрларды даярдоо маселесине токтолду. Анда кайсы гана тармакта болбосун, кесипкөйлүктү жогорулатып, ыйгарым укуктардын мыйзам чегинде так жана туура аткарылышын ишке ашыруу - башкы максат экенин баса белгиледи. 

“Ал үчүн, өздүк курам арасында үлгүлтүксүз окутууларды, практикалык машыгууларды өткөрүп, адеп-ахлакты жогорулатууга жана жүктөлгөн милдеттерди кынтыксыз аткарууга багытталган пропагандалык жумуштарды жүргүзүү талап кылынат. Илим менен практиканын айкалышын камтыган, устаттык программаларды ишке киргизип, заманбап чакырыктарга каршы туруштук берүү ишмердигин айгинелеген жаңы ыкмаларды ишке ашыруу зарыл экендигин белгилейм.

Кызматкерлердин тартиби боюнча сандык көрсөткүчтөрдү айтып эле чектелбестен, алдын алуу жумуштарын күчөтүп, бир дагы тартип жана мыйзам бузууларга жол берилбесин. Мындан ары, өздүк курамдын тартип маселесин, ар бир кеңешмеде жана коллегиянын отурумунда карап, тиешелүү баа беребиз.

Элдин коопсуздугун камсыздоо милдетин аркалаган  кыргыз милициясынын кызматкерлери, Тартиптик уставды, Ички иштер министрлигинин ченемдик актыларын, этикалык ченемдерди бийик сактоого милдеттүү.

Ал эми, жарандар менен сылык жана мыйзам чегинде маданияттуу мамиле жасоо – бул эң башкы талап болуп саналат.

Бүгүнкү күндө коомчулуктун ички иштер органдарына болгон ишеничи – биздин кесипкөйлүккө, тартипке, эң башкысы карапайым калкка көрсөтүлгөн кызматтын сапатына түздөн-түз байланыштуу. Тилекке каршы, өздүк курам арасындагы кызматтык тартип солгундап, мезгил-мезгили менен элдин нааразычылыгын жараткан учурлар күчөп жатат. Ошондуктан, тартип маселесин күчөтүп, өздүк курамга байланыштуу бүгүнкү коллегияда айтылган бардык кемчиликтерди эске алып, аларды жеринде жоюп, иш-чараларды күчөтүңүздөр.

Сиздер дагы, жеринде ушундай иш-чараларды уюштуруп, шаардык, райондук, айылдык ички иштер бөлүмдөрүндө иштеп жаткан кызматкерлердин билим деңгээлдерин жогорулатып, жогорку маданиятуулукка калыптандыруу, мыйзамдык ченемдерди окутуп-үйрөтүү жумуштарын колго алыңыздар”,-деди өз сөзүндө Улан Ниязбеков.

Ошондой эле, ички иштер органдарынын биринчи жетекчилери- тартип маселесине түздөн-түз жооптуу  экени эскертилди.

Белгилей кетсек, коллегиялык отурумга  Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, ички иштер министринин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары, Ички аскерлердин кол башчысы жана ички иштер органдарынын жетекчилери катышууда.

Пайдалуу шилтемелер