facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

24.07.2025

Заманбап имарат жана 16 жаңы кызматтык автоунаа-ведомстволук милициянын дараметин чыңдоого арналды

2025-жылдын 24-июль күнү Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын ведомстволук милиция полкунун жаңы административдик имаратынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. 

Ачылуу аземине ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков катышты. Ал өздүк курамга кайрылып, кызмат үчүн заманбап шарттарды түзүү жана бөлүктөрдүн ишмердүүлүгүнө алдыңкы стандарттарды киргизүү Министрликтин негизги милдеттеринин бири бойдон кала берээрин баса белгиледи. 

“Бүгүн, Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунун өздүк курамына өзгөчө күн болуп турат.  Биз замандын талабына ылайык курулган заманбап имаратты ачып, 16 жаңы кызматтык унааны бөлүмгө өткөрүп берип жатабыз. Материалдык-техникалык базаны жаңылоо иштин сапаттуу жаңы деңгээлин камсыздайт деп ишенем. Биздин милдетибиз -элге кызмат кылуу, тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу”,- деп белгиледи ИИМдин башчысы.

Улан Ниязбеков белгилегендей, инфраструктураны өнүктүрүү-бул Кыргыз Республикасынын Президентинин ырааттуу саясатынын натыйжасы, анын жетекчилиги астында өлкөдө ири мамлекеттик долбоорлор, анын ичинде укук коргоо органдарынын объектилерин куруу ишке ашырылууда.

Жаңы имарат 1959-жылы түптөлгөн эски имараттын ордуна курулду. 10 айдын ичинде аянты 700 чарчы метр болгон заманбап эки кабаттуу объект пайда болду. Ал ыкчам, административдик жана кызматтык ишмердүүлүктүн талаптарына толук жооп берет. Имаратта кызматкерлердин ишин көзөмөлдөөнү жана корголуучу, анын ичинде өзгөчө маанилүү объекттердин коопсуздугун камсыз кылган “Санарип күзөт” тутуму киргизилген. 

Имаратта төмөнкүлөр каралган: кенен нөөмөт бөлүмү, жарандарды кабыл алуу бөлмөсү, заманбап жумуш бөлмөлөрү жана башкалар. 

Ички иштер министрлиги өлкөнүн бардык аймактарындагы объектилерди модернизациялоо боюнча масштабдуу программаны улантууда. 31-августта  Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого карата дагы 40 жаңы объектини ачуу жана пайдаланууга берүү мерчемделүүдө. 

Алдыда министрлик мезгилдин эң жогорку талаптарына жооп берген 100 заманбап имарат куруу максатын көздөп жатат.

Пайдалуу шилтемелер