24.07.2025
Алдамчылык менен алектенген жаран милиция кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды
Ош шаардык ИИБдин кызматкерлери тарабынан алдамчылык фактылары боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Бул кылмыш ишинин алкагында алдамчылык менен алектенген жаран милиция кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды.
Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, жаран 2024 жана 2025-жылдар аралыгында чет өлкөнүн жарандарына “Whatsapp” жана “Telegram” мессенждерлери аркылуу чалып, өзүн күч түзүмдөрүнүн кызматкери катары тааныштырып, ар кандай адамдардын аттарын айтып сүйлөшүп, Ош шаарындагы мамлекеттик кызматтарда "таасирлүү тааныштары бар болгондугун"-айтып, ишеничтерине кирип келген.
Милицияга чет өлкөнүн жараны 1993-жылы туулган Х.И. кайрылып, “Whatsapp” мессенджеринен белгисиз жаран өзүн “Ош облусунун ИИБдин башчысымын”, 100 баш кочкор койлордун ар бирин 11 000 сомдон сатып жана бажы аркылуу алып өтүүнү өзүм чечип беремин”деп алдап Ош шаарына чакырып, жалпы 12 000 (он эки миң) АКШ доллар акча каражатын алып кеткендигин айтып берген.
Шектүү бул кылмыштуу аракеттеринен улам жарандарга 4000-15000 АКШ долларына чейин материалдык зыян келтирген.
Бул факты боюнча Ош шаарынын ИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин 209-беренсинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) менен кылмыш иш козголгон.
Козголгон кылмыш иш алкагында шектүү А.А. Ош ШИИБге алынып келинген учурда, аны кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн Ош ШИИБдин КИБдин бөлүмүнүн башчысына 30 000 (отуз миң) АКШ доллар акча каражатын пара катары сунуштаган.
Ушул эле күнү Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин (Пара берүү) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында жалпысынан 1 100 000 (бир миллион бир жүз миң) сом акчасын пара катары берип жаткан учурда ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын жана Ош ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кармалган.
Кармалган жаран Ош шаардык соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.