23.07.2025
Ош шаарынын мэри ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын түштүк аймагы боюнча кырдаалдык борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты
2025-жылдын 23-июлунда Ош шаарынын мэри Жэңишбек Токторбаев Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын Ыкчам башкаруу борборунун түштүк аймагы боюнча кырдаалдык борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Бул борбордо аткарылган иштер тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Дамир Исаков тааныштырып, Ички иштер министрлигинин негизги приоритеттүү багыты болуп саналган санариптештирүү өнөктүгүнүн алкагында бул кырдаалдык борбордун операторлору тарабынан көчөлөргө, оюн-зоок-соода борборлорго, коомдук жайларга жана эл көп чогулган жерлерге орнотулган сырткы видеобайкоо камералары күн сайын көзөмөлдөнөөрүн билдирди.
Белгилей кетсек, Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрүнө, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ар бир кызматкерине бекитилип берилген боди-камералар туруктуу түрдө онлайн көзөмөлдөнүп турат.
Ошондой эле, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрүнө кызматтык пайдаланууга берилген планшеттер аркылуу калкты, турак жайларды жана ар кандай мекеме-ишканаларды каттап, базаларга киргизүү иштери онлайн көзөмөлдөөгө алынган.
ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Ыкчам башкаруу борборунун түштүк аймагы боюнча кырдаалдык борбор тарабынан көзөмөлдөнүүчү дагы бир багыты катары, коомдук жайларга жана көчөлөргө орнотулган жүздү таануу функциясы бар камералардын жардамы менен кылмыш жасап изин жашырып качып жүрүп издөөдө жүргөн жарандар, ошондой эле дайынсыз жоголгон адамдардын жүзүн таанып, кармоо иштери ийгиликтүү жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, ЖКККББнын “АвтоУраган” аппараттык-программалык комплекси менен биргеликте, издөөдө жүргөн автоунаалар жана айып пул салынып, бирок төлөнбөй жүргөн транспорт каражаттары да толук көзөмөлгө алынган.
Өз кезегинде, Ош шаарынын мэри Жэңишбек Токторбаев кырдаалдык борбордун ишмердүүлүгүн жогору баалап, ички иштер органдарынын ишин санариптештирүү оң натыйжа берип жатканын билдирди жана кошумча видеокамераларды алып берээрин убадалады.