facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

22.07.2025

Кыргызстанда автоунааларды мыйзамсыз каттоо схемасына бөгөт коюлду

ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, адамдардын тобу менен алдын ала макулдашып,  кызмат  абалын  кыянаттык менен пайдаланууга шектелген  мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери кармалды.

Тактап айтканда, Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин айрым кызмат адамдары кызмат  абалын кыянаттык менен пайдаланышып, башка кызыктар жарандар менен алдын ала макулдашып, транспорттук каражаттарды мыйзамсыз каттоо схемасын уюштурушкан. 

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Кыргызстанга “Honda” үлгүсүндөгү унаасы толук комплекттелген тетик  түрүндө алып келишкен. Андан кийин жасалма документердин негизинде толук кандуу транспорттук каражаттар катары мамлекеттик каттоого алынган.  Шектүүлөр бул аракети менен белгиленген бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качышкан жана мыйзамсыз пайда алышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча мамлекетке 15 677 910 сом зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин  337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында, жарандар 1994-жылы  туулган О.А.,  1984-жылы туулган Т.М., 1997-жылы туулган К.К., 1993-жылы туулган Ш.З., 1993-жылы туулган К.Ы., 1984-жылы туулган Т.Э. жана 1995-жылы туулган Р.У.-кылмыш ишин жасагандыгы жөнүндө айып тагылып, камакка алынды. 
 
Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып, бул кылмышка катышы бар башка адамдарды тактоо иштери жүргүзүлүп жатат. 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер