facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

21.07.2025

Милициянын отставкадагы полковниги Булатов Тимур Нарынович каза болду

Милициянын отставкадагы полковниги Булатов Тимур Нарынович   каза болду

Милициянын отставкадагы полковниги Булатов Тимур Нарынович 60 жашында каза болгонун терең кайгыруу менен билдиребиз.

Тимур Нарынович өз өмүрүн мыйзамга жана мамлекетке кызмат кылууга арнаган. Ал жогорку кесипкөйлүгүн, принципиалдуулугун жана ишке берилгендигин көрсөтүү менен көп жылдар боюу Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында эмгектенген. Бир топ убакыт боюу  ИИМдин Тергөө кызматынын контролдук-методикалык башкармалыгынын тергөө ишмердүүлүгүн талдоо  жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы кызматында иштеген.

Кесиптештери аны иш билги жетекчи, тажрыйбалуу насаатчы жана жарандык позициясы бекем адам катары билишчү. Анын тергөө кызматын өнүктүрүүгө жана мыйзамдуулукту чыңдоого кошкон салымы маанилүү жана биздин эсибизде сакталып калат.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Тимур Нарыновичтин туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер