17.07.2025
Ош шаарында кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектүү катары мамлекеттик кызматкерлер кармалды
Ички иштер министрлиги жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында жооптуу кызматкерлер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, мамлекетке караштуу жер тилкени сатып жиберишкен фактынын бети ачылды.
2022-жылдын декабрь айынын башында Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин Ош филиалынын, Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, Муниципалдык менчик башкармалыгынын карамагындагы жер тилкесин үй куруу үчүн жеке тарапка каттап беришкен. Андан соң, 2022-жылдын декабрь айынын аягында алдын ала сүйлөшүп алуунун негизинде жер тилкеси үчүнчү тарапка 450 000 сомго сатылган.
2025-жылдын 27-июнундагы көз карандысыз баалоо компаниясынын корутундусуна ылайык, жогорудагы жер тилкесинин баасы 5 420 000 (беш миллоин төрт жүз жыйырма миң) сомду түзгөн.
Бул факты боюнча 2025-жылдын 2-июлунда Ош ШИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголгон.
2025-жылдын 14-июлунда жогорудагы кылмыш ишинин алкагында Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин Ош филиалынын бөлүм башчысы А.Т., жетектөөчү адис А.Т., адис К.А., филиалдын мурдагы жетекчиси И.С. жана жаран М.И. шектүү катары кармалышты..
Сот тарабынан кармалгандарга камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы