facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

16.07.2025

Ысык-Көлдө коомдук коопсуздук күчөтүлгөн тартипте камсыздалууда

Ысык-Көлдө коомдук коопсуздук күчөтүлгөн тартипте камсыздалууда

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги туристтик мезгилдин кызуу учурунда жарандардын жана меймандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча активдүү иш-чараларды жүргүзүүдө.

Коомдук резонанс жараткан жана туристтик аймактын аброюна терс таасирин тийгизген окуяларга байланыштуу туристтик милициянын ишмердүүлүгү күчөтүлдү. Адамдар эң көп топтолгон жерлерде кошумча милиция кызматкерлери тартылып, видеобайкоо орнотулуп, ыкчам кызматтар менен күнү-түнү байланыш камсыздалды.

Бейбаштык, мушташуу, чагымчыл аракеттер жана башка коомдук тартипти бузган көрүнүштөр жазасыз калбайт.  Бардык тартип бузгандар учурдагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат. Ички иштер министрлиги эскертет, орой мамиле жана агрессия - бул жөн гана мыйзам бузуу эмес, өлкөнүн кадыр-баркына жана туризмдин өнүгүшүнө да зыян келтирет.

Биз жарандарды жоопкерчиликтүү болууга, бири-бирин урматтоого жана коомдук тартипти сактоого чакырабыз. Ысык-Көлдүн жээгиндеги коопсуздук-биздин жалпы милдетибиз.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер