facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

16.07.2025

Кытайдан мототранспортту алып келүүдөгү коррупциялык схема: бюджетке 48 миллион сомдон ашык зыян келтирилген

Кытайдан мототранспортту алып келүүдөгү коррупциялык схема: бюджетке 48 миллион сомдон ашык зыян келтирилген
Кытайдан мототранспортту алып келүүдөгү коррупциялык схема: бюджетке 48 миллион сомдон ашык зыян келтирилген
Кытайдан мототранспортту алып келүүдөгү коррупциялык схема: бюджетке 48 миллион сомдон ашык зыян келтирилген

Ички иштер министрлиги Кытай Эл Республикасынан мототранспортту (мопеддер, скутерлер, мотоциклдер) мыйзамсыз алып келүүгө байланышкан масштабдуу коррупциялык схеманы аныктады. Мамлекетке келтирилген материалдык зыяндан тышкары, бул аныкталган схема коомдук коопсуздукка олуттуу коркунуч туудурат- текшерүүсүз жана катталбастан алынып келинген жогорку кубаттуулуктагы мототранспорт каражаттары техникалык талаптарды сактабай, көзөмөлсүз иштетилет. Натыйжада,  жол-транспорт кырсыктарынын жана жолдордо тартип бузуулардын тобокелдигин жогорулатат.

Аларды алып келүү жасалма документтерди колдонуу менен жүргүзүлүп, бажы төлөмдөрүн милдеттүү түрдө төлөөдөн качуу үчүн кыймылдаткычтардын көлөмү атайылап 49 куб. смге чейин төмөндөтүлгөн. Иш жүзүндө көпчүлүк транспорт каражаттарынын көлөмү 145 куб. см ашкан.

Схемада негизги ролду эксперттик уюм ойногон, анын адистери фактылык изилдөөлөрдү жүргүзбөстөн, 2500 сомдон баштап акчалай сыйлыкка жалган корутунду беришкен.

2024-жылдын августунан 2025-жылдын июлуна чейин бул уюм жалган маалыматтар менен 4388 корутунду чыгарган.   Юстиция министрлигине караштуу  Соттук-эксперттик кызматынын расмий корутундусуна ылайык,  кыймылдаткычтардын чыныгы көлөмү 147,9 куб. см болгон.

Мыйзамсыз алынып келген мототранспорттук каражаттар жөнөкөйлөтүлгөн схемалар боюнча, анын ичинде интернет аркылуу Бишкекте, Чүй облусунда жана башка аймактарда сатылган. Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыян 48 158 300 сомду түздү. 

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголгон.  Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин  96 жана 97-беренелеринин тартибине ылайык,  жогорудагы уюмдун директору 1977-жылы туулган Б.Г., ээси 1973-жылы туулган К. А.  жана эксперт 1979-жылы туулган С. К. кармалды. Айыпталуучуларга карата Бишкек шаарынын райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. 
Тергөө амалдары уланууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер