facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

15.07.2025

ИИМдин БМЖКККсы ЖМК өкүлдөрү үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрдү

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында журналисттер жана медиа-коомчулуктун өкүлдөрү үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. 

Кызматтын жетекчиси Уланбек Султанов  журналисттерге кайрылып, укук коргоо органдарынын ачык-айкындуулугунун жана коомчулуктун ишенимин бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал мындай иш-чаралар өзгөчө жаштар жана жарандардын аярлуу категориялары арасында биргелешкен алдын алуу иштерин өнүктүрүүгө өбөлгө түзөөрүн, ошондой эле ЖМК менен диалогду жана туруктуу өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуу үчүн аянтча катары кызмат кылаарын билдирди. Ошондой эле, баңгизатка каршы демилгелерди жана долбоорлорду колдогондугу үчүн эл аралык өнөктөштөргө, анын ичинде ЕС – CADAP программасына ыраазычылыгын айтты.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар Кызматтын кызматкерлери дене тарбиялык даярдыктан өтүүчү спорт залга барышты. Машыктыруучулар  талаадагы тапшырмаларды аткаруу жана ыкчам иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүү үчүн жакшы физикалык даярдыктын мааниси жөнүндө айтып беришти. 

Андан кийин журналисттерге аналитикалык борбордун иши көрсөтүлдү. Жетүүгө кыйын болгон аймактарга мониторинг жүргүзүү, курамында баңгизаттары бар өсүмдүктөрдүн мыйзамсыз себүүнү аныктоо жана укукка каршы иш-аракеттердин фактыларын документтештирүү үчүн колдонулган учкучсуз учуучу аппараттар өзгөчө кызыгуу жаратты. Адистер дрондордун техникалык мүнөздөмөлөрүн сунушташты жана аларды практикада ийгиликтүү колдонуунун мисалдары менен бөлүштү.

Ошондой эле конокторго ыкчам иш-аракеттерде колдонулган атайын чалгындоо каражаттары көрсөтүлдү. Эксперттер жабдуулардын техникалык мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле маалымат чогултуу ыкмалары жана аны менен кылмыш ачуудагы иштер тууралуу айтып беришти.

Иш - чаранын аягында катышуучуларга Кызматтын жетекчилиги жана кызматкерлери менен бейформал жагдайда баарлашууга, кызыктырган суроолорду берүүгө, БМЖКККнын объекттеринде фото жана видеотасмаларды  тартууга мүмкүнчүлүк берилди.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер