14.07.2025
Кыргызстан укук тартиби маселелери боюнча КМШнын эксперттик тобунун жыйынына катышты.
2025-жылдын 10-июлунда Москва шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин Ички иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги отурумунун кароосуна киргизилүүчү документтердин долбоорлорун толуктап иштеп чыгуу жана макулдашуу боюнча эксперттердин кеңешмеси болуп өттү.
Кеңешмеге КМШга мүчө мамлекеттердин аймагындагы уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштын башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөштү координациялоо бюросунун директорунун биринчи орун басары Аскат Алиев, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлү Кылычбек Жолдошов катышты.
Иш-чаранын алкагында КМШга мүчө мамлекеттеринин укук коргоо органдарынын кызматташуусунун артыкчылыктуу маселелери талкууланды. Алардын катарында киберкылмыштуулук менен күрөшүү, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттер, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, эксперттик-криминалисттик ишмердүүлүк жана маалымат алмашууну өркүндөтүү маселелери каралды.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги коомдук коопсуздукту камсыздоо жана заманбап коркунучтарга натыйжалуу каршы туруу максатында КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрликтери менен кызматташууну ырааттуу түрдө бекемдөөнү улантууда.
ИИМдин Басма сөз кызматы