facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

11.07.2025

Жалал - Абадда «Коопсуздук - 2025» форуму болуп өттү

2025-жылдын 10-июлунда Жалал-Абад шаарында Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте уюштурган «Коопсуздук - 2025» аттуу форум болуп өттү.

Иш-чарага ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүмүнүн башчысы Нуржан Адылова, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов,  Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова ошондой эле жергиликтүү башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана жаштар катышты.

Форум коомдук коопсуздук, укук бузуулардын алдын алуу, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана туризмди өнүктүрүү маселелерин талкуулай турган аянтча болуп берди. Айрыкча, укуктук маданиятты калыптандырууга жана жарандардын укуктарын урматтоого өзгөчө көңүл бурулду.

Форумдун максаты - эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоого жарандарды кеңири тартуу. Бул мыйзамдарды сактоону, айлана-чөйрөнү коргоону жана өлкөнүн өнүгүүсүнө активдүү катышууну камтыйт. Жакынкы келечектеги артыкчылыктуу багыт катары коопсуз туризмди өнүктүрүү тапшырмасы коюлду.

ИИМ кызматкерлери укук бузуулардын, мыйзамсыз миграциянын жана экстремизмдин алдын алуу боюнча видеотасмаларын тартуулашты. Куралдуу түзүмдөрдүн жоокерлери атайын көрсөтмө программаларды аткарышты. Ошондой эле балдар үчүн спорттук оюндар жана интерактивдүү аянтчалар уюштурулду.

Эскерте кетсек, форум Коомчулуктардын  туруктуулугун бекемдөө үчүн глобалдык фондунун (GCERF), “Кыргызстандагы SOS-балдардын айылдары” коомдук фондунун жана Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай коомунун колдоосу менен өткөрүлдү. 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер