08.07.2025
Бишкекте жол кыймылынын эрежелерин бузууларды алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча түнкү рейддер уланууда
Түнкүсүн, Бишкек шаарынын аймагында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы менен биргеликте жол-транспорт кырсыктарын эскертүүгө жана бөгөт коюуга багытталган масштабдуу рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Рейддер Ички иштер министрлигинин демилгеси менен уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” мыйзамынын жана жол кыймылынын эрежелеринин сакталышына көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган.
Башкы максат-жол кыймылынын эрежелерин так сактоону камсыздоо, жол кыймылынын катышуучуларына коркунуч туудурган одоно эреже бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу.
Алсак, ушул түнү аныкталган бузуулар:
- Транспорт каражаттарын мас абалында башкаруу-7;
- Терезени мыйзамсыз караңгылатуу-12;
- Тике түтүктүү түтүн чыгаруучу тутумун койгон транспорт каражаттары-23;
- Тике түтүгү менен мотоциклдер-18;
- Түзүлгөн протоколдордун жалпы саны-832.
Тике түтүк (прямоток)– бул унаанын же мотоциклдин ызы-чууну басаңдатуучу элементтери жок түтүн чыгаруучу тутуму. Ал ызы-чуунун (күрүлдөшүнүн) күчөтүлгөн деңгээлин түзөт жана белгиленген техникалык нормаларды бузат.
Ички иштер министрлиги жолдордо жарандардын коопсуздугун камсыздоо-ички иштер органдарынын ишинин артыкчылыктуу багыты экенин эскертип, айдоочуларды Мыйзамдын талаптарын так сактоого чакырат. Иш-чаралар туруктуу негизде өткөрүлөт.
Урматтуу жарандар! Эгер сиз жол кыймылынын эрежелерин бузууга күбө болсоңуз, анда 0777 102 102 номуруна видео же сүрөт жөнөтүүнү суранабыз. Ар бир билдирилген факт боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
ИИМдин Басма сөз кызматы