facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

07.07.2025

Интернет-дүкөн аркылуу баңгизат сатуу токтотулду: мурдагы прокурордун жардамчысы кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында Telegram мессенжери аркылуу элиталык марихуана сортторун сатуу менен алектенген интернет-дүкөндүн ишмердүүлүгү токтотулду.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында контролдук сатып алуулар жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө кара куурайдын негизги психоактивдүү компоненти болгон ТГКнын жогорку деңгээлде камтылган баңгизаттын үлгүлөрү алынган.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө 1986-жылы туулган, борбордун райондорунун биринин прокурорунун мурдагы жардамчысы М.у. Н. кармалып, анын жанынан баңгизаттар, прокурордун жардамчысынын күбөлүгү, банктык карталар жана уюлдук телефондор табылган.

Жашаган жерин тинтүүдө ири өлчөмдөгү марихуана, кара куурай менен спирттүү тундурмалар, ошондой эле өсүмдүктөрдү өстүрүүгө арналган жабдуулар — фито-нарколаборатория (гроутенттер, лампалар, термометрлер ж.б.) табылып, алынды.

Мыйзамсыз ишмердүүлүккө каражаттар электрондук төлөм системалары аркылуу, үчүнчү жактардын атына катталган аккаунттар аркылуу түшүп турганы аныкталды.

Учурда Кыргыз Республикасынын аймагында баңгизат тараткан башка шериктерди жана каналдарды аныктоо боюнча иштер улантылууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер