06.07.2025
Медициналык башкармалык - күч түзүмдөрүндө кызмат өтөгөн кызматкерлердин саламаттыгынын кепилдиги
ИИМдин Медициналык башкармалыгынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайбыз! Сиздердин берилгендигиңиздер жана жогорку кесипкөйлүгүңүздөр - укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ден соолугунун жана коопсуздугунун негизги кепилдиги.
Медицина кызматкерлеринин ырааттуу ишинин аркасында ар бир кызматкер өзүнүн милдеттерин толук кандуу аткарууга мүмкүнчүлүк алып, бекем ден соолукта жана жогорку даярдыкта кызмат өтөйт.
Сиздердин үзүрлүү эмгегиңиздер жана кайратмандыгыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!
ИИМдин Басма сөз кызматы