05.07.2025
Өзгөчө ири өлчөмдөгү психотроптук препараттарды жеткирүү каналына бөгөт коюлду
Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана Манас аэропортунун Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте тыюу салынган өзгөчө ири өлчөмдөгү дары-дармек препараттарын жеткирүүнүн туруктуу каналын аныкташты жана ага бөгөт коюшту.
Ташуу чет мамлекеттерден Кыргыз Республикасына эл аралык почта жөнөтүүлөр аркылуу ишке ашырылган.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын почта бөлүмдөрүнүн биринде жаран 1991-жылы туулган Т.Д. кармалган.
Кармалган жарандан чет өлкөдөн алынып келинген күчтүү таасир берүүчүзаттар-1550 таблетка табылып алынган. Т.Д.нын жашаган жерин тинтүү учурунда 20 психотроптук таблетка, ошондой эле келип чыгышы жана укуктук статусу такталып жаткан башка дары-дармек препараттары табылган.
Белгилей кетсек, алынган препараттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган заттардын тизмесине киргизилген.
Учурда тиешелүү соттук-химиялык экспертизалар дайындалды. Бул жеткирүү каналына тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.