04.07.2025
Сак болуңуз-азгырыктарга алдырбаңыз
Тилекке каршы, жарандарды экстремисттик жана радикалдык топторго тартуу учурлары дагы деле кездешип жатат.
Кылмышкерлер адамдарды радикалдык коомдоштуктарга тартуу үчүн ар кандай ыкмаларды, анын ичинде психологиялык таасир этүүнү жана манипуляцияларды колдонушат.
Ички иштер министрлиги жарандарды сак болууга, чагымчылдыкка жана мыйзамга каршы ишмердүүлүккө тартуу аракеттерине алдырбоого чакырат. Күмөндүү жагдайлар же байланыштар пайда болгон учурда-дароо ички иштер органдарына кайрылыңыз.
Биргелешкен аракеттер менен гана биз экстремизмге каршы туруштук берип, коомдогу коопсуздукту сактай алабыз.