facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

03.07.2025

Кыргызстанда аялдардын тынчтык жана туруктуу өнүгүү маселелериндеги катышуусу күч алууда

2025-жылдын 2-4-июлунда Ысык-Көлдүн жээгинде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин "Аялдар, тынчтык жана коопсуздук" 1325-резолюциясын ишке ашыруу максатында 2025-2027-жылдарга Улуттук иш-аракеттер планын жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү үчүн семинар өтүүдө.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин координациясында жана «Кыргызстандагы тынчтык үчүн жарандык коомдун аялдар уюмдары» (2022–2025) долбоорунун алкагында, Аялдар- БУУнун, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун жана БУУнун Тынчтыкты куруу Фондунун колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Семинардын ачылышында Ички иштер министрлигинин орун басары милициянын генерал-майору Эркебек Аширходжаев аялдардын тынчтык жана коопсуздук маселелерине катышуусун кеңейтүүгө, кризистик жана кагылышуу учурларында алардын укуктарын коргоого багытталган ишенимдүү жана натыйжалуу иш- аракеттер планын иштеп чыгууда биргелешкен эмгектин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал Ички иштер министрлиги үчүн бул ишмердүүлүктө координациялык ролду аткаруу чоң сыймык экенин айтып, эл аралык өнөктөштөргө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Иш-чарада климаттык тобокелдиктердин күчөшү жана алардын тынчтык менен коопсуздукка тийгизген таасири менен байланышкан маселелери каралып, климаттык туруктуулук, азык-түлүк жана суу коопсуздугундагы саясаттарга гендердик мамиленин интеграцияланышы боюнча механизмдер талкууланууда. Өзгөчө көңүл аялдардын чечим кабыл алуу процесстериндеги ролун кеңейтүүгө бурулду.

Семинардын жыйынтыгы боюнча иш-аракеттердин Улуттук планын толуктап иштеп чыгуу мерчемделүүдө, ал климаттын өзгөрүү шарттарында туруктуу өнүгүүнүн жана тынчтыкты куруунун Заманбап чакырыктарын эске алат. Ошондой эле ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө боюнча мындан аркы кадамдар аныкталат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер