03.07.2025
89 жыл - жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо
Бүгүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) түзүлгөндүгүнүн 89 жылдыгы белгиленүүдө.
Дал ушул милиция кызматкерлери күн сайын жолдордо тартипти сактап, өлкө аймагындагы миңдеген айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылып келишет. Алардын кызматы жогорку жоопкерчиликти, кесипкөйлүкту жана чыдамдуулукту талап кылат.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өздүк курамын жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, татыктуу кызматы, кесипке берилгендиги жана жоопкерчилиги үчүн ыраазычылык билдирет.
Сиздердин үзүрлүү эмгегиңердин артында жарандардын өмүрү менен ден соолугу корголуп, жол кыймылы үчүн коопсуз шарттар түзүлүп, коомдук тартип бекемделүүдө.
Жол кыймылынын коопсуздугу — коомдук коопсуздуктун негизги булагы.
ИИМдин Басма сөз кызматы