02.07.2025
Ысык-Көл облусунда «Коопсуздук – 2025» аттуу форуму болуп өттү
2025-жылдын 1-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик органдарынын биргелешкен демилгеси менен уюштурулган «Коопсуздук - 2025» форуму болуп өттү.
Форумдун негизги максаты - коопсуздук эрежелерин сактоо тууралуу маалымдоо, коопсуз туризмди өнүктүрүү жана анын туруктуу өнүгүүсү боюнча сунуштарды жеткирүү, ошондой эле калк арасында кырсыктарды алдын алуу максатын көздөйт.
Иш-чарага Ички иштер министрлигинин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Ысык-Көл облусунун ОИИБдин жетекчилиги жана өздүк курамы, ошондой эле башка мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана көп сандаган балдар менен жаш муундар катышты.
Октябрь Урмамбетов өз сөзүндө, Министрлик тарабынан өлкө аймагында калк арасында коопсуз туризм маданиятын калыптандыруу, бөөдө кырсыктардын алдын алуу жана коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү-агартуу иштерин туруктуу жүргүзүп келе жатканын баса белгиледи.
«Туризм – Кыргызстан экономикасынын негизги тармактарынын бири болуп саналат. Бирок коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан жаракат алуу, сууга чөгүү жана жол кырсыктары сыяктуу кырсыктар көп катталууда. Туристтик мезгилде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу - туруктуу туризмдин негизги шарты. Биз заманбап атайын техникаларды пайдаланып, коопсуздукту жогорулатуу багытында иш алып баруудабыз», - деди министрдин орун басары.
Иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин кызматкерлери коопсуз жүрүм-турум эрежелерин сактоо, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү, мыйзамсыз миграциянын жана экстремизмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Өзгөчө өзүн-өзү коргоо жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө маселелерине көңүл бурулду.
Ошондой эле, милиция кызматкерлери атайын техникалардын көргөзмөсүн жана ар кандай турмуштук кырдаалдардагы коопсуздук эрежелери жөнүндө жарандарга маалымат берүүгө багытталган видеоматериалдардын көрсөтүлүшүн уюштурушту. Мындан тышкары, ИИМ кызматкерлери Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте балдар менен жаштар үчүн коопсуз жүрүү көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган интерактивдүү оюндарды жана спорттук мелдештерди өткөрүштү.
Форумдун соңунда сынактар өтүп, жеңүүчүлөр сыйланып, концерттик программа менен ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө арналган көркөм тасмаларды көрсөтүү менен аяктады.
«Коопсуздук - 2025» форумы тажрыйба алмашуу, маалымдуулукту жогорулатуу жана коопсуздук менен туризмди туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташтыкты бекемдөө үчүн маанилүү аянтча болуп калды.