28.06.2025
ИИМдин кызматкерлери мамлекеттик кызматкерлер арасында үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүүдө
ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча эки айлык иш-чаралардын алкагында мамлекеттик органдардын кызматкерлерине алдын алуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
2025-жылдын 27-июнунда милиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин кызматкерлерине үй-бүлөлүк зомбулук үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө жана Кылмыш-жаза кодекстеринде каралган жоопкерчилик тууралуу атайын даярдалган презентацияларды көрсөтүштү.
Өзгөчө көңүл балдардын укуктарын коргоого бурулуп, Бишкек шаарынын Мэриясынын зордук—зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам берүү борборунун өкүлдөрү тарабынан балдарга карата зомбулуктун кесепеттери баяндалып, алдын алуу максатында видеороликтер көрсөтүлүп, маалыматтык баракчалары таратылды.
Иш-чара кызуу талкууну жаратып, социалдык маселенин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Белгилей кетсек, иш-чара КР Президентинин Администрациясынын тапшырмасы менен үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана жоопкерчилик тууралуу мамлекеттик кызматкерлердин маалымдуулугун жогорулатуу максатында өтүүдө.