27.06.2025
Күчтүк үч-түрдүүлүк”боюнча биринчилиги өткөрүлдү
2025-жылдын 26-27-июнь күндөрү Ички иштер министрлигинин “Күчтүк үч-түрдүүлүк” (таяк-тартыш, гиря көтөрү, аркан тартыш) боюнча биринчилиги өткөрүлдү.
Бул спорттук иш-чара Ички иштер министрлигинин Кадрлар башкы башкармалыгы тарабынан уюштурулду.
Командалык эсепте 1-орунду ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын командасы, 2-орунду ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын командасы, 3-орунду ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын командасы ээледи.
Жеңүүчүлөр медаль, диплом, кубок жана акчалай сыйлык менен сыйланды.
Эскерте кетсек, жеңүүчүлөр 16-20-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтө турган ИИМдин чемпионатына Борбордук аппараттын атынан катышат.
Мындай иш-чаралар кызматкерлердин физикалык даярдыгын чыңдоо, өздүк курам арасында ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулуп келет.