27.06.2025
Опузалап пара алууга шектүү катары сот кармалды
Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына жаран С.А. арыз менен кайрылып, анда Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун кызматкерлерине карата чара көрүүнү суранган. Арыздануучунун айтуусунда, алар андан иш боюнча оң чечим чыгаруу үчүн акча талап кылышкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде (Опузалап пара алуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө учурунда Аламүдүн райондук сотунда жаран С.А. боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинде (тоноо) көрсөтүлгөн кылмыш иши каралып жатканы аныкталган. Сот процессинин жүрүшүндө соттолуучу С.А. төрагалык кылуучу сот Ж.Ш.Б.га сот процессин жылдыруу өтүнүчү менен кайрылган. Ага Ж.Ш.Б. макул болуп, 30 000 сом өлчөмүндө акча талап кылган. Мындан тышкары, Ж.Ш.Б. ишти оң жагынан чечүү үчүн соттолуучу С.А.дан 1000 АКШ долларын талап кылган. Жогорудагы талап кылынган акча каражаты сотко жеткирип берүү үчүн жаран Б.К.га берилген.
Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Б.К.нын үйүнөн сот Ж.Ш.Б.га арналган белгиленген акчалар табылган. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча шектүү Б.К. Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 1-бөлүгү/ 343-беренеси (пара талап кылууга шериктештик) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Соттор кеңеши сот Ж.Ш.Б.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.
2025-жылдын 27-июнунда Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун соту 1982-жылы туулган Ж.Ш.Б. кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.