facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

25.06.2025

ИИМдин Республикалык окуу борбору - 100 жылдык окуу жана өнүгүү жолу

ИИМдин Республикалык окуу борбору - 100 жылдык окуу жана өнүгүү жолу
ИИМдин Республикалык окуу борбору - 100 жылдык окуу жана өнүгүү жолу
ИИМдин Республикалык окуу борбору - 100 жылдык окуу жана өнүгүү жолу
ИИМдин Республикалык окуу борбору - 100 жылдык окуу жана өнүгүү жолу
ИИМдин Республикалык окуу борбору - 100 жылдык окуу жана өнүгүү жолу
ИИМдин Республикалык окуу борбору - 100 жылдык окуу жана өнүгүү жолу

2025-жылдын 25-июнь күнү Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Ж.Ш. Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси белгиленип, салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Салтанаттуу иш-чарага ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, мурунку премьер-министри Феликс Кулов, мурунку ички иштер министри Абдылда Суранчиев, ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев, Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев, Россия Федерациясынын Омск Академиясынын башчысынын орун басары Владимир Гусев, ИИМдин кызматтарынын башчылары, Борбордун ардагерлери жана өздүк курамы, ошондой эле башка чакырылган коноктор катышты.

Иш-чара милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабировдун эстелигине гүлчамбар коюп, эскерүү менен башталды.  

Андан соң, окуу борборунун түзүлгөн күнүнүн урматына карата ийгиликке жетишкен кызматкерлер менен ардагерлерге ИИМдин сыйлыктары тапшырылды.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков өз сөзүндө, иш-чаранын конокторун жана кызматкерлерин борборунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси менен коллегия мүчөлөрүнүн жана жеке өзүнүн атынан куттуктап, мекен үчүн кызмат кылуунун маанилүүлүгүн жана заманбап технологияларды колдонуу менен кадрларды даярдоодогу жетишкендиктерди белгиледи.

“Мекен үчүн кызмат кылуу – бул өтө бийик жоопкерчилик. Бул жоопкерчиликти алгачкылардан болуп кабыл алып, биз үчүн кесипкөйлүктүн үлгүсү болгон Жапар Шабиров болду. Анын эмгеги түбөлүккө эсте калат жана жогору бааланат. Окуу борбордун тарыхы, чыгаан инсандарга бай экендигин, алардын аттары тарыхыбызда алтын тамгалар менен жазылып калгандыгын дайыма айтып жүрүүгө милдеттүүбүз. Биз, чыгаан инсандарыбыздын куруп кеткен коопсуздук жолун улай, өз милдеттерибизди аткарып, элибизге ак кызматыбызды өтөй беребиз демекчимин. 

Акыркы төрт жарым жылда “кыргыз милициясында”, анын ичинде ушул окуу борбордо чукул бурулуштар жасалды. Президентибиз Садыр Жапаровдун түздөн-түз көмөгү менен санариптешкен жаңы милиция системасын түздүк. Ааламдашуу доорунун талаптарынан артта калбай, жаш курсанттарды санариптик ыкмаларга окутуп-үйрөтүү боюнча заманбап класстарды, электрондук китепканаларды ачып, жаңы көз караштагы жүздөгөн технологияларды алып, ишке киргиздик.

Жаш кадрларды даярдоо боюнча ондогон мамлекеттердин Ички иштер министрликтери менен байланышты күчөттүк. Окуу борбордун мугалимдери Турция, Египет, Австрия, Венгрия, Россия, Казакстан сыяктуу мамлекеттерге барып, атайын даярдыктан өтүп келишти.

Мындан ары дагы, көптөгөн күжүрмөн эмгектерди жасап, тынымсыз иш-аракеттерди жүргүзүп, байсалдуу жолубузду улантып, ийгиликтерге жетишип, бийик ашууларды сиздер менен биргеликте багындыра беребиз демекчимин.

Баарыңыздарды, дагы бир жолу 100 жылдык мааракеңиздер менен куттуктайм!", – деди ал.

Маараке ачык асман алдында өтүп, Борбордун талапкерлеринин курал колдонуу жана күжүрмөн самбо ыкмалары, ИИМдин Кинология борборунун кызматтык иттеринин көрсөтмөлөрү, ошондой эле вальс жана милиция маршы менен коштолду.

Иш-чаранын жүрүшүндө, конокторго электрондук тир бөлмөсүнө, музейге, атайын адистештирилген окуу бөлүмдөрүнө, ошондой эле “Айдоочуларды даярдоо” борбору менен “Мониторинг” борборлоруна экскурсия уюштурулуп, саптык аянтчада ИИМдин санариптештирүү багытындагы жетишкендиктери боюнча көрсөтмөсү көргөзүлдү. Андан соң майрам жайкы спорт аянтчасында концерттик программа менен жыйынтыкталды.

https://youtu.be/ls0cSKHcx_w

Пайдалуу шилтемелер