24.06.2025
Ошто милиция кызматкерине пара берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
2025-жылдын 23-июнь күнү Р.И. аттуу жарандын бутуна бычак сайып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык козголгон кылмыш иши боюнча шектүү катары суралып жаткан И.И. аттуу жаран маселени оң жагына чечүү максатында милиция кызматкерине пара сунуштаган.
Аталган факты Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин (Пара берүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, ИИМдин кызматкерлери тарабынан кызматтык бөлмөдө милиция кызматкерине 15 000 сом акча каражатын берип жаткан жеринен 1996- жылы туулган И.И. аттуу жаран кармалган.
Азыркы учурда шектүү Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.